ЖОЛ КУРУУЧУ МАШИНАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОЛ КУРУУЧУ МАШИНАЛАР – автомобиль ж-а т. ж-дорду курууда ж-а оңдоодо, о. эле гид­ротех., гражд., ө. ж. ж-а аэродром курулушта­рында комплекстүү жумуш аткаруучу машина­лар. Ж. к. м. бир нече түргө бөлүнөт: алдын ала даярдоо жумуштары үчүн – дарак кулаткычтар, бадал кескичтер, дүмүр чыгаргычтар, таш жый­нагычтар, жумшарткычтар; жер жумуштары үчүн – скреперлер, бульдозерлер; кыртышты ж-а жол таптоо үчүн – жол таптагычтар, ди­рилдек плиталар, таптагыч машиналар; жол­дун негизин түзүү ж-а үстүн каптоо үчүн – би­тум ж-а цемент ташыгычтар, топурак аралаш­тыргыч машиналар, бетон аралаштыргычтар; жолду оңдоо ж-а пайдалануу үчүн – автогрей­дерлер, бетон талкалагычтар ж-а кар тазала­гычтар ж. б.