ЖОНУУЧУ СТАНОК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОНУУЧУ СТАНО́К , 1) жонуучу кескичтер м-н горизонталдуу, вертикалдуу ж-а жантык беттерди тегиздөөчү металл кесүүчү станок. Ал туурасынан ж-а узунунан жонуучу болуп экиге бөлүнөт. Ж. с-тун башкы кыймылы – алды-артка умтулма түз сызыктуу кыймыл. Кыймыл туурасынан Ж. с-то бекиткичке орнотулган кескичке, ал эми узунунан Ж. с-то сом темир орнотулган столго берилет. Жумушчу жүрүш убагында жонуу жүргүзүлүп, куру жүрүштөн соң кескич баштапкы абалына келет. Башкы кыймылдын ылдамдыгы бардык суу м-н кыймылга келүүчү узунунан ж-а туурасынын Ж. с-то туруктуу, ал эми кулиса-кривошиптүү механизм м-н кыймылга келүүчү туурасынан Ж. с-то өзгөрүп турат (жогорку чегине – кайра нөлгө чейин). Ар бир куру жүрүштүн акырында берүү кыймылы аткарылат (башкы кыймылдын багытына салыштырмалуу туурасынан). Туурасынан Ж. с-то майда ж-а орто сом темирлер, ал эми узунунан Ж. с-то чоң буюм же бир нече ири буюм иштетилет. Куру жүрүштүн айынан Ж. с. массалуу өндүрүшкө чыкпай, анын ордуна фрезалуу, жылмалоочу станоктор колдонулууда. 2) жыгачтын бетин жылмалоо, кооздоо, нерсеге так өлчөм берүү ж. у. с. жумуштарды аткарууда колдонулуучу айланма бычактары бар жыгач иштетүүчү станок.