ЖООН-АРЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖООН-АРЫК – Кочкор р-нундагы чоң суу. Тескей Ала-Тоонун түш. капталынан башталган Каракужур ж-а Төлөк сууларынын кошулушунан пайда болот. Уз. 34,8 км, алабынын аянты 1340 км2. Кочкор суусу м-н кошулуп, Чүй д-н түзөт. Ири куймалары: Кара-Кокту, Чалай, Кара-Кужур, Төлөк. Мындан башка 60тан ашык майда куймасы бар. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 келген 2 көл жатат. Жылдык орт. чыгымы 11,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 131 м3/сек, эң азы – 1,97 м3/сек. Апрелде кирип, августтун аягында тартылат. Сугатка пайдаланылат, андан ондон ашык сугат каналдары башталат. Жээгинде Сары-Булак, Көк-Жар кыш. жайгашкан.