ЖООН-ДӨБӨ 1: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖООН-ДӨБӨ – б. з. 6–12-к-на таандык шаар калдыгы. Кырг-н м-н Казакстандын чек арасына жакын, Талас – Жамбыл автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Татаал түзүлүштүү, узун коргондуу шаарлардын түрүнө кирет. А. ч. жумуштарынын натыйжасында шаардын алгачкы аянтын аныктоо мүмкүн эмес, бирок урандыларынын ээлеген ордуна караганда шаар чоң болгон. Археол. казууда турак жайлардын ж-а коргонуу курулуштарынын калдыктары, карапа идиштер, темир буюмдар, асем буюмдар табылган. Шаар негизинен моңгол жапырыгынан талкаланган, айрым жерлери жер айдоо, сугаруу иштеринин натыйжасында бүлүнүүгө учураган. 1960-ж. археолог П. Н. Кожемяко изилдеген.