ЖОРГО САЛЫШ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОРГО САЛЫШ – улуттук ат оюндардын бири. Ж. с. б-ча мелдеш тегиз талаада, түз жолдо, ат майданда өткөрүлөт. Мелдеш аралыгы 2400 мден 10000 мге чейин болуп, 2 жаштан же кунандан жогорку бардык тукумдагы жорголор катышат. Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы билген 19 жаштан өткөн адамдар токулган жорго м-н катышат. Ж. с-та жоргону бир гана адам

алмашпай минүүгө ж-а бүт аралыкты жоргосунан жазбай өтүүгө тийиш. Чоң жорголор айрым учурларда саатына 80 км аралыкты басып өтөт. Уруксат берилүүчү жаңылуулардын саны жободо ачык көрсөтүлгөн. Эрежени бузгандар мелдештен чыгарылат. Кыргыз элинде жылкынын жоргосу 5ке бөлүнөт: чапма жорго, төкмө жорго, урма жорго, кой жорго ж-а жол жорго. Булардын ичинен чапма жорго м-н төкмө жорго өтө жогору бааланып, майрам, чоң тойаштарда салдырылган. Кырг-ндын иск-восу м-н мад-тынын 1958-ж. өткөн он күндүгүндө Москва ат майданында 20га жакын жорго салдырылган. 1971-жылдан КРде улуттук спорттун түрү катары Ж. с. б-ча мелдештин разряддык нормативи түзүлүп (3 разряддык норма белгиленген), анын өткөрүү шарты ж-а тартиби белгиленген. 3 кмге чейинки аралыкта 5 жолу, 5 кмде 6 жолу, ал эми 10 кмде 10 жолу жаңылууга уруксат берилет. Ат башка аллюрга өтсө (4 топ 12 секирикке чейин) жорго жаңылды деп эсептелет. Үч секирикке чейин жаңылганга жатпайт.