ЖОРГО СӨЗ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОРГО СӨЗ , ы р г а к т у у п р о з а – 1) кеңири мааниде – тыбыштык жактан уюштурулуп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мыйзам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык каражаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык ад-тчылар ж-а тарыхчылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа м-н Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайдаланышкан. Дүйнөлүк ад-тта жалаң Ж. с. м-н жазылган ири чыгармалар да бар (мис., Р. Ролландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү ж-а ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жатат. Бирок Ж. с-дө туруктуу муун өлчөмү кайталанбайт, мис., Жесир кемпирдин үйүндө кызматын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына каралашып, отун-суусуна аралашып турду («Кедейкан»). Ж. с. жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз м-н айтылган жерлеринде, чечендер м-н ырчылардын санат сөздөрүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Термечиковдун оозеки аңгемелеринде да Ж. с-дүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында Ж. с-дүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй Ж. с. м-н жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүткөн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да Ж. с-дөн өнүп чыккан деп болжолдоого болот.
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.