ЖОРДАН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖО́РДАН Майкл Жеффри (17. 2. 1963-ж. т., АКШ, Нью-Йорк) – амер. баскетбол оюнчусу. 20-к-дагы дүйнөнүн эң мыкты баскетболчусу. Олимпия оюндарынын эки жолку (1984, 1992), Улуттук баскетбол ассоциациясынын алты жолку (1991–93, 1996–98) чемпиону. Түндүк Каролина ун-тинин, «Чикаго Буллс», «Вашингтон Уизардс» командаларында ойногон. Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң мыкты оюнчусу катары 5 жолу таанылып (1988, 1991, 1992, 1996, 1998), 14 жолу жылдыздар оюнуна тандалган. 3 жолу «Слэмданк» конкурсуна тандалып, эки жолу утушка (1987, 1988) ээ болгон. Ошондой эле «аба королу» деген наамга ээ болуу м-н, бүгүнкү күндө баскетбол тарыхында эң мыкты оюнчу катары саналат. 1993-ж. бейсбол оюнун да ойноп көргөн. Учурда Oakley Inc компаниясынын жетекчилеринин бири. М. Тыныбеков.