ЖОУЛЬ–ЛЕНЦ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖО́УЛЬ–ЛЕНЦ ЗАКОНУ – өткөргүч аркылуу электр тогу өткөндө бөлүнүп чыгуучу жылуу­лук санын (Q) туюнтуучу закон. Ал жылуулук саны ток күчүнүн квадратына, каршылыкка ж-а убакытка түз пропорциялаш: Q=aI2Rt. Про­порциялаштыктын а коэфф-и бирдиктер систе­масын тандоого байланыштуу болот. Эгерде I ампер м-н өлчөнсө, R – Ом, t – секунда м-н туюн­тулат, ал эми а = 0,239 болсо, Q калория м-н, а = 1 болсо, Q джоуль м-н ченелет. Бул законду 1841-ж. англ. физик Ж. П. Жоуль (Джоуль) ачып, 1842-ж. орус физиги Э. Х. Ленц тактаган.