ЖОШИБАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОШИБАЕВ Сейткан (9. 6. 1939, Казак ССРи, Жамбыл обл., Акыр-Төбө станциясы) – меди­цина илимд. доктору (1981), проф. (1994), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000). КРдин эмг. сиң.

в рачы (1978). КММИни (1962), СССР МИАнын А. Н. Бакулев атн. жүрөк­кан тамыр хирургиясы ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1970). Нарын ж-а Талас обл. ооруканаларын­да хирург (1962–67) болуп иштеген. И. К. Ахунбаевдин шакирти. 1976-ж. Респ. кар­диология борборун уюшту­руп, аны 1984-жылга чейин жетектеген. Алматы ш-ндагы Казак клиника­лык жана эксперименттик хирургия ИИИде жүрөк-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн (1984– 92), КР УКТБнин кардиохирургия бөлүмүнүн (1992–2004-) жетекчиси. 2004-ж. Жүрөк хирур­гиясы ж-а органдарды алмаштыруу ИИИ ую­шулгандан анын директору, 2006-жылдан ошол эле ин-тта бөлүм башчы болуп эмгектенет. И. К. Ахунбаев атн. жүрөк-кан тамыр система­сы коомунун төрагасы. Жүрөк-кан тамыр хи­рургиясы б-ча адис. 160тан ашык ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы, 10 ойлоп табуусу бар.


Ахунбаев атн. сыйл. лауреаты. «Даңк» ж. б. ме­далдар м-н сыйланган.


Эмг.: Реконструктивно-пластическая коррекция аномалий Эбштейна // Грудная и сердечно-сосудистая хирургия. ¹ 12, 1990.