ЖӨНӨКӨЙ САН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖӨНӨКӨЙ САН – өзүнө ж-а бирге гана бөлүнүүчү бирден чоң оң бүтүн сан: 2, 3, 5, 7, 11, 13. Бир Ж. с-га да ж-а курама санга да кирбейт. Абдан чоң Ж. с. – Мерсенн саны, ал 21121.3 –1 санына барабар. Ж. с. чексиз ж-а натуралдык сандардын бөлүнүүчүлүгүн чыгаруудагы негизги түшүнүк. Алсак сандардын бөлүнүүчүлүк теориясынын теоремасы б-ча бирден бөлөк каалагандай оң бүтүн сан жалгыз түрдө Ж. с-дардын көбөйтүндүсүнө ажырайт. Ж. с. чексиз көп экендиги байыркы грек математиктерине эле белгилүү болгон. Анын далилдениши Евклиддин «Негиздер» аттуу жыйнагында берилген. Ж. с. группаларды үйрөнүүдө чоң мааниге ээ. 1837-ж. немис математиги П. Дирихле a+bx ариф. прогрессиясында (мында x = 1, 2, ..., a, b – өз ара Ж. с-дар) чексиз көп Ж. с. бар экендигин далилдеген. Бул багытта алгачкы натыйжаны орус илимпозу П. Л. Чебышев алган. О. эле Ж. с. бча изилдөө иштерин жүргүзгөн илимпоздор: фр. математик Ж. Адамар (1896), белгиялык математик Ш. Ла Валле Пуссен (1896), 1937-ж. орус математиги И. М. Виноградов.