ЖӨӨК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖӨӨК – соко ж. б. шайман м-н салынуучу арыкча. Көп тиштүү соко м-н жер айдаганда соконун акыркы тиши өткөндөн кийин бир гана ачык Ж. калат. Сугат дыйканчылыгында Ж. са­луу ж-а чигит эгүү бир мезгилде жүргүзүлөт. Ж-төп сугаргандан кийин өсүмдүктүн катар ара­лыгы жумшартылат. Суу агуучу Ж. топурак­тын өзгөчөлүгүнө, жердин эңкейишине, өсүм­дүктүн катар аралыгына жараша туурасы 25– 50 см, тереңдиги 15–20 см, уз. 100–200 м болот.