ЖӨТӨЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖӨТӨЛ – дем алуу органдарынын (коко, кекиртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги белгиси. Дем алуу жолунун былжыр челинин сезгенүүсүнөн, какырык же бөтөн нерсе дүүлүктүргөндө пайда болот. Кээде дем алуу жолу дүүлүкпөй эле сүйрү мээдеги Ж. борбору козголуп, рефлекстик Ж. пайда болот. Мындай Ж. корккондо, уялганда ж. б. байкалат. Ж. кургак (какырыксыз) ж-а какырыктуу болуп бөлүнөт. Ж-дө терең дем алып, бронх же бүт дем алуу булчуңдары чыңалат; үн жылчыгы жабылып, көөдөндүн ички басымы жогорулайт. Үн жылчыгы кайра ачыла баштаганда аба күч м-н сыртка чыгат да, өзү м-н кошо өпкөдөн какырык же бөтөн нерселерди ала чыгат. Бул дем алуу жолун тазалайт ж-а жагымдуу таасир этет. Бирок узакка созулган, бат-бат Ж-үү организмге зыяндуу. Кээде өтө узакка ж-а катуу Ж-гөндө көкүрөк ачышып, дем кыстыгат, оорулуунун алы кетип, уйкусу качат, өпкөгө аба толот. Фарингитте кулкун ачышып, кычышып, оорулууну кыйнаган кургак Ж. болот. Коко (ларингитте) же кекиртек (трахеит) катары учурунда күркүлдөп, тынбай жөтөлөт, үн байламталары сезгенгенде, кырылдаган Ж., көк жөтөлдө туталак Ж. болот. Ж-дө суткада бөлүнгөн какырыктын өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стаканга жетиши мүмкүн (мис., бронхоэктазда). Аны врач гана дарылайт. Ж-дү жок кылуу же жеңилдетүү үчүн негизги ооруну (бронхит, өпкөнүн сезгениши ж. б.) дарылоо керек. Какырыктуу Ж-дө какырык начар бөлүнсө, какырык чыгаруучу заттар сунуш кылынат; көкүрөктүн жогору жагына горчичник коюу, ар кандай минералдуу суу, бал кошулган ысык сүт берүү, бутка ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак Ж-дү жеңилдетет ж-а оорусун басаңдатат.