ЖУГУШТУУ ЭНТЕРОТОКСЕМИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУГУШТУУ ЭНТЕРОТОКСЕМИ́Я (Enteroto- xemia infectiosa anaerobica) – койлорду шүүшүндүү энтеритке чалдыктырып, нерв түйүнүн, боорду жабыркатып, жалпы денени ууландыруу м-н оор өтүүчү контагиоздуу эмес ылаң. Ылаңды бактерия козгойт, ал айлана-чөйрөдө өтө туруктуу, 15–30 мин кайнаткандан кийин
гана споралары жугушсузданат. Табигый шартта Ж. э. м-н көбүнчө козулар, андан соң чоң койлор, кээде малдын башка түрлөрү (бодо, эчки, жылкы, төө, чочко, тоок, жапайы жырткычтар) ылаңдай т. Аба ырайына ж-а чөптүн
өсүшүнө байланыштуу энтеротоксемия көбүнчө жай ж-а күз айларында, өзгөчө жаан-чачындуу жылдары кеңири таралып, чыгаша арбын болот. Ылаң козгогучу чөп м-н малдын ичеги-карынына кирип, ыңгайлуу шартта тез көбөйүп, уу (экзотоксиндерди) бөлүп чыгарат. Токсиндер денеге сиңип, ылаңды күчөтүп, бүт организмди ууландырат. Көпчүлүк учурда ылаңдаган кой адегенде телмирип оттобойт, ордунан араң жылат, мүдүрүлүп жыгылып, турбай калат. Өлөр алдында оозу-мурдунан көбүктөнгөн суюктук агат, чычкактайт, ичи көбөт. Мындай учурда ылаң 5–6 күнгө созулат да, мал тез арыктайт. Илдеттүү мал тишин кычыратат, катуу ыйынат, көзү бозоруп, темтеңдейт. Өнөкөт өткөндө, комплекстүү метод м-н дарылоо талап кылынат. Бир эле мезгилде ылаңдаган малды кош валенттүү иммундуу сыворотка, антибиотиктер (дибиомицин, дитетрациклин, биомицин, террамицин ж. б.) м-н дарылайт. Ылаң чыккан
чарбага чектөө коюлат. Д. Раимбеков.