ЖУМАБАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУМАБАЕВ Эсенгул (9. 7. 1941-ж. т., Чүй обл.‚ Кемин р-ну‚ Шабдан айылы) – комп., дирижёр, сүрөтчү, Кыргыз CCР эл арт. (1987)‚ КРдин Ток­тогул атн. мамл. сыйл. лауреаты(2002).Кыргыз CCРинин иск-вого эмг.

сиң. ишмери (1974). Фрун­зедеги М. Күрөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайын (1961)‚ Б. Бейшеналиева атн. КМИИни (1972) бүтүр­гөн. Т. Cатылганов атн. Кыр­гыз улуттук филармония­сынын К. Орозов атн. эл ас­паптар оркестринде кыякчы (1958–64)‚ дирижёр (1964– 72)‚ башкы дирижёр ж-а көркөм жетекчи (1978–86)‚ филармониянын көркөм жетекчиси (1989–93)‚ 1993-жылдан «Камбаркан» этногр.-фольклордук тобунун көр­көм жетекчиси. Ж. 100дөн ашуун ыр-күүлөрдү оркестр үчүн иштеп чыккан‚ а. и. К. Орозовдун «Насыйкат»‚ Ш. Шеркуловдун «Жүрөк толкуйт»‚ «Марш камбаркан»‚ Ы. Тумановдун «Паровоз» ж. б.‚ элдик ыр «Cарой»‚ М. Баетовдун «Кыздар ай!»‚ А. Огомбаевдин «Жаштарга» ж. б. бар. Үч бөлүмдүү эпикалык симфониянын‚ «Кыргыз­стан»‚ «Карагул ботом» симф. поэмаларынын‚ спектаклдер үчүн музыканын‚ аспаптык чыгар­малардын автору. «Камбаркан» ансамбли м-н чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Cүрөтчү ката­ры чыгармаларынын автордук көргөзмөсүн өткөргөн (2003–04).