«ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕРСОЮЗУ»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
– 1917-ж. Февраль рев-ясынын жеңишинен кийин Ош уездинде түзүлгөн жерг. жумушчулар м-н кедей-кембагалдар уюму. Негизинен ага кыргыз, өзбек жумушчулары кирген. Анын максаты жумушчу-дыйкандардын эзилип жаткан абалынан ж-а мусулман дининин таасиринен пайдаланып, аларды падышалык бийликтин буга чейин жүргүзгөн саясатына каршы үгүттөө болгон. Бул союздун демилгеси м-н 1917-ж. 21-августта Мусулман депутаттар совети (кийин Ош мусулман жумушчулары м-н чайрикер депутаттар совети болуп аталган) шайланган. Натыйжада, кийин бул союз Кырг-нга Совет бийлигин орнотууну толук колдоп, ал бийликти чыңдоого активдүү катышкан.
Ад.: Зима А. Г. Победа Октябрьской революции в Киргизии. Ф., 1966.