ЖҮГӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮГӨРҮ , м а и с (Zea mays L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азык­түлүк ж-а тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү ж-а морфол. өзгөчөлүгү б-ча 9 ботан. топко бө­лүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сы­мал, крахмалдуу, крахмал-канттуу ж. б. Ж. Борб. ж-а Түш. Америка­дан таралган. Ев­ропага 15-к-дын аягында алып ке­линген. Россияда 17-к-дан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, ай­рык ча Украи на, Мол дав и я , К ав - каз, О. Азияда (а. и . К ырг-нда)

өстүрүлөт. Ж. – бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүл­дүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийикт. 50–80 смден 5–6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100–150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийи­лүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайга­шат. Аталык гүл – чачык сабактын кылда учун­да, энелиги сото байлайт. Мөмөсү – дан. 1000 данынын салм. 50–1100 г, көбүнчө 100–400 г. Данында 9–17% белок, 4–6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65–70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90–150 күн. Ж. жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүү­дө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүм­дүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90–180 кг азот, 45–180 кг фосфор, 30– 180 кг калий жер семирткичи чачылат. Ж-нүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы м-н сотосунан кагаз, линолеум, вискоза ж. б. даярдалат. Кырг-нда эгилүүчү не­гизги сорттору ж-а гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечте­ри: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү,


жылдыз курт ж. б. Илдеттери: фузариоз, ниг­роспороз, сото нигроспорозу.


Ад.: Культурная флора СССР. Т. 6: Кукуруза. М., 1982; Памятка по индустриальной технологии возделывания кукурузы. 1981.