ЖҮЗ ЖЫЛДЫК СОГУШ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮЗ ЖЫЛДЫК СОГУШ (1337–1453) – Англия м-н Франциянын ортосундагы согуш. Ж. ж. с-тун башкы себеби: Англия (12-к-дын орто чени) басып алган Франция жерлери ж-а бай Фландрия үчүн болгон күрөш. Согуштун 1-мезгилинде (1337–60) англистер деңизде Слейсенин (1340), кургакта Кресинин (1346), Пуатьенин (1356) жанында жеңишке жетишип, Франциянын көп жерин басып алган. Франциянын абалы оордоп, экономикасынын начарлашы элдин кыжырлануусун күчөткөн да, Париж көтөрүлүшүнүн (1357–58) ж-а дыйкандар согушунун (к. Жакерия) чыгышына алып келген. Француз өкмөтү 1360-ж. Бретанда түзүлгөн келишимдин
оор шарттарын аргасыз кабыл алган. Англия басып алган аймактарда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 14-к-дын 70-жылдарында француздар англистерди дээрлик бүт кууп чыккан, бирок бул ийгилик феодалдардын ич ара талаш-тартышынын кесепетинен андан ары бекемделген эмес. 15-к-дын башында англистер согушту кайра баштап, Азенкурдагы (1415-ж. 25- октябрь) жеңиштен кийин Түн. Франция м-н Парижди ээлеген. Ошондо англис баскынчыларына каршы бүт француз эли көтөрүлгөн. 1429-ж. Жанна д’Арк баштаган француздар англистерди кыйратып, Орлеанды курчоодон куткарган. 1436-ж. англистер Парижден куулуп чыгарылып, Шампань (1441), Мен ж-а Нормандия (1450), Гиень (1453) ж. б. шаарлар бошотулган. Ж. с. Бордодо (19. 10. 1453) англистердин жеңилиши м-н аяктап, борборлошкон Франция мамлекетин түзүүдө маанилүү этап болгон.