ЖҮЗҮМДӨР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮЗҮМДӨР (Vitaceaе) – эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүк тукуму. Көбүнчө сөңгөктүү ж-а жармашып өсүүчү бадал. Негизинен мелүүн
ж-а жылуу зоналарда таралган. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска. Жалбырактары жөнөкөй же татаал, түрдүү формада, сабакта кезектешип же туташ жайгашкан. Гүлү майда, туура түзүлүштүү, 4–5 мүчөлүү, бир же эки жыныстуу, бир же эки үйлүү. Мөмөсү ширелүү же кургак жемиш. Кайчылаш (анемофилия, энтомофилия) же
өзүн-өзү чаңдаштырат (клейстогалия да кездешет). Жер жүзүндө 700дөй түрү белгилүү. Ж-дүн Cissus уруусунун 350 түрү субтропик ж-а тропик кеңдигиндеги токойдо, өзөндүү жерде, тоонун күнгөй бетинде өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 3 уруусунун 15 түрү тараган. Кырг-нда Ж-дүн
3 түрү кезигет. Алардан узун акмат жүзүмү
Кыр-ндын Кызыл китебине катталган. Көбү кооздук үчүн ж-а жашыл тосмо катары өстүрүлөт.