ЖҮН КЛАССТОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮН КЛАССТОО – жүндү технол. өзгөчөлүктөрү, белгилери ж-а касиеттери б-ча топко, класска ж-а сортко бөлүү. Жүн эмнеден алынганына жараша төмөнкү класстык топтор белгиленген: кой жүнү, эчки жүнү, төө жүнү, з-ддук жүн (көбүнчө булгаары сырьёсу үчүн кайра иштетилген уй ж-а жылкы терисинен алынат), эски жүн (көөнөргөн жүн буюмдарынан алынат), хим. була (жасалма же синтездик жүн), коён тыбыты. Кой жүнү андагы жүн булалары б-ча бир тектүү ж-а аралаш жүн болуп бөлүнөт. Бир тектүү жүн ичкелиги, тармалдыгы, узундугу ж. б. сырткы белгилери б-ча бирдей булалардан турат, аралаш жүн – ичкелиги, тармалдыгы, узундугу ж. б. белгилери б-ча кескин айырмаланган булалардан туруп, жогорку, 1-, 2-, 3- класстарга бөлүнөт. Бир тектүү жүн уяң ж-а чала уяң, аралаш жүн чала кылчык ж-а кылчык жүн болуп айырмаланат. Уяң жүн тыбыттуу булалардан турат. Буласынын орт. жоондугу 25 мкдон ашык эмес, б. а. 60-сапаттан жоон эмес болот. Чала уяң жүндүн эң ичкесинин орт. жоондугу 25,1–27 мк же 58-сапатта, эң жоонунуку – 29,1–31 мк же 56/50-сапатта болот. Чала кылчык жүнгө тыбыттуу ж-а өтмө булалардан башка кыйла ичке кылчык да кирет. Бул топко бир тектүү жүндүн 50-сапаттан жоон (31,1– 34 мк) болгон айрым түрү да тиешелүү. Кылчык жүн тыбыттуу, кылчыктуу ж-а өтмө булалар аралашмасынан турат. Кылчык жүндүн орт. жоондугу 23–60 мк болот. Жүн ылгоо ө. ж-нда жүн атайын ө. ж-лык класстоодон өткөрүлүп, тийиштүү белги ж-а касиеттерине жараша ийрилүү ж. б. технол. сапаттары аныкталат.