ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 3-к. – б. з. 5-к-нда усун урууларынан калган мүрзөлөр. Сокулук р-нундагы Жыламыш суусунун батыш тарабындагы тектирде жайгашкан. Ж. к-ндөгү бир нече мүрзө а. ч. иштеринин жүрүшүндө талкаланган. Мүрзө дөбөлөрү таш ж-а топурак үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай тизмектешип жайгашкан. Мүрзөлөрдүн бийикт. 0,10–1,15 см, диаметри 5–16 м. Маркумдардын сөөктөрү бурчтуу казылган аңдарга ж-а жарма көрлөргө чалкасынан жаткырылып, башы түн.-батышка каратылып коюлган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын антропол. түзүлүшүндө европеоид ж-а монголоид тибиндеги аралашмалардын белгилери бар. Көрүстөндөн карапа идиштер, кездеме калдыгы, темир канжар, бычак, сөөктөн жасалган жаа бастырмалары, алтын жалатылган курдун тогоосу ж-а маркумга багышталып союлган малдын сөөктөрү табылган. 1963-ж. археолог А. Абетеков ачкан ж-а изилдеген.