ЖЫЛГА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛГА – тоо капталында жаан-чачын жеши­нен пайда болгон анча терең эмес коктучалар. Ж. көп учурда кыртыштанып, чөптүү ж-а бадалдуу келет. Чулу тектүү бетте «таш жылга» болот. Тоо капталынын ортоңку тилкелеринде ж-а этекте­ринде, о. эле ири дарыя өрөөндөрүндө кездешет. Жерг. топонимдердин бири катары Кара-Жылга, Суу-Жылга, Жылга-Булак, Карагайлуу-Жылга, Эчкили-Жылга, Ээн-Жылга, Бадалды-Жылга ж. б. сыяктуу геогр. аттарда кездешет.