ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК БУЛУТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК БУЛУТ – жылдыз аралык газ м-н чаңдын биригүүсү. Спиралдык галак­тиканын спираль түрүндөгү бутагында газдын 80–90%и Ж. а. б-та жыйналган. Алар биригип, газ-чаң комплекстерин түзөт ж-а спиралдык бу­тактын ички (иймек) жагында жайгашат. Ж. а. б-тардын параметрлери ар түрдүү. Биздин Га­лактикада алардын диаметри 5–40 пс, темп­расы – 20–100 К. Ж. а. б. Галактика дискинин 10% көлөмүн ээлейт ж-а жылдыздар м-н бирге Галактика дискинде анын борборунун тегерегин­де айланага жакын жолдор б-ча 100–200 км/сек ылдамдык м-н кыймылдайт. Айрым булуттун өздүк (пекулярдык) кыймылынын ылдамдыгы 10 км/сек, кээде 50–100 км/секга жетет. Га­лактиканын таажысында анын тегиздигине 200 км/секга чейинки ылдамдык м-н түшүп жат­кан газдар байкалган, ал газдын кайдан келип чыкканы белгисиз. Ж. а. б-тар арасындагы атомдордун концент-сы бир см3да 0,02–0,2 атом, темп-расы – 7–10 миң К.