ЖЫЛДЫК ШАКЕКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛДЫК ШАКЕКТЕР – 1) ө с ү м д ү к т ү н – жыгачтын камбийинин бир вегетация мезги­линдеги аракетинен пайда болгон катмары. Жыгачтын жазында пайда болгон элементтери күзүндө пайда болгондоруна караганда ири ж-а жука кабыктуу болгондуктан, жыгачтагы ар жылы пайда болгон катмарды оңой эле ажы­ратууга болот. Жылдык катмарды экинчи флоэ­мадан, экинчи жабуучу ткандан, дарактын араа­ланган сөңгөгүнөн көрүүгө болот. 2) Ж а н ы­б а р д ы н Ж. ш-и – организмдин катуу струк­турасында мезгилдүү (кээде жылыга) пайда бо­луучу ж-а узакка сакталуучу түзүлүш. Мезгил­дик ткандын өсүүсүнүн өзгөрүшүнөн пайда бо­лот. Жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулар­дын жалпак сөөктөрүн, кабырчыгын, тырмагын, раковинасын күнгө салып караганда көрүнөт. Ж. ш. жаныбарлардын жашын көрсөтөт.