ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ – жылуулук энергиясын мех. жумушка айландыруучу курал. Ж. к. табигый энергетикалык ресурстарды хим. же ядролук күйүүчү отун катары пайдаланат. Ж. к. термодинамикалык п. а. к. аркылуу аныкталат. Жумушчу термодинамикалык процесстерди аткаруучу машиналардын түрү б-ча Ж. к. поршендүү, ротордуу ж-а реактивдүү кыймылдаткычтар болуп бөлүнөт. О. эле аралашкан түрлөрү дагы колдонулат, мис., турбореактивдүү ж-а Ванкель кыймылдаткычтары. Ж. к. ысытуучу жылуулукту алып келүү ыкмасы б-ча ичинен ж-а тышынан күйүүчү кыймылдаткычтар болуп да бөлүнөт. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычта – күйүүчү майдын күйүү процесси ж-а андан чыккан жылуулуктун мех. жумушка айланышы бир эле жумушчу көңдөйдө (цилиндрде) жүрөт; ал эми сыртынан күйүүчү кыймылдаткычта – бул процесстер тышта, атайын түзүлүштө ишке ашырылат (мис., Стирлинг кыймылдаткычы, буу машинасы). Ж. к-нын чыныгы жумушу, б. а. натыйжалуу п. а. к. – анын чыгуучу валындагы мех. жумуштун жалпы жылуулук кубатына болгон катышы. Ж. к-нын натыйжалуу п. а. к. 0,1– 0,6 чегинде өзгөрүп турат.