ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – жылуулук энер­гиясынын нерсенин темп-расы жогору бөлүгүнөн темп-расы төмөн бөлүгүнө таралуу процесси. Ж. ө. – жылуулук берүүнүн бир түрү. Жылуу­лук берүүнүн башка түрлөрү болгон конвекция­лык ж-а нур аркылуу жылуулук алмашуудан Ж. ө-түн айырмасы энергиянын бир орундан экинчи орунга атом, молекулалардын кыймы­лы м-н берилишинде. Изотроптук нерсе үчүн Ж. ө. Фурье закону м-н аныкталат. Бирдик аянт аркылуу бирдик убакытта өткөн жылуулук агы­мы q темп-ранын градиентине түз пропорция­лаш q=–λ∆Т/∆х, мында ∆Т⁄∆х– темп-ранын градиенти, γ – Ж. ө. коэфф-и, «–» белги жылу­улук агымынын ысык бөлүгүнөн муздак бөлүгүнө карай багытталышын көрсөтөт.