ЖЫЛУУЛУК СЫЙЫМДУУЛУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛУУЛУК СЫЙЫМДУУЛУГУ – нерсенин темп-расын 1 градуска (1°С же 1К) жогорула­тууга сарпталган жылуулук саны. Эгер нерсеге dQ жылуулук саны берилгенде, темп-расы dTга жогоруласа, анын Ж. с. С= dQ/dT б-ча аныкта­лат ж-а Дж/град м-н өлчөнөт. Катуу заттардын ж-а газдардын Ж. с. туруктуу чоңдук болбос­тон, темп-рага көз каранды. Бирдик массадагы берилген затты бир градуска ысытуучу жылуу­лук саны ал заттын с а л ы ш т ы р м а Ж. с. деп аталат, бирдиги Дж/град⋅кг. Массасы бир моль затты бир градуска ысытууга керек бол­гон жылуулук саны м о л д у к Ж. с. деп ата­лат. Газдардын туруктуу көлөм ж-а басым ке­зиндеги Ж. с-нун чоңдугу түрдүүчө болот. Эгер газ туруктуу көлөмдө ысытылса, анда сыртка жумуш аткарбастан, берилген жылуулук толу­гу м-н нерсенин ички энергиясын көбөйтүүгө жумшалат. Эгер газ туруктуу басым кезинде ысытылса, анын көлөмү кеңейип, берилген жы­луулуктун бөлүгү сыртка жумуш аткарат. Де­мек, бул учурдагы Ж. с. туруктуу көлөмдөгүгө караганда көп. Ысытуудан катуу заттардын көлөмү аз өзгөргөндүктөн, алардын көлөмү ж-а басымы туруктуу кезиндеги Ж. с. дээрлик бара­бар (к. Дюлонг – Пти закону). Катуу заттар­дын жылуулук сыйымдуулук теориясын Эйн­штейн ж-а Дебай иштеп чыккан.