ЖЫЛУУ-СУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУ-СУУ , Ү ч - Э м ч е к – Тоң р-нундагы (Ички Теңир-Тоодо) суу. Нарын д-нын алабында. Уз. 51 км, алабынын аянты 690 км2. Тескей Ала-Тоонун түш. капталына Үч-Эмчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрдөн башталып, Буркан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 км2) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашка-Суу, Ашуу-Суу ж. б. Чатына жакын Тешик-Көл (аянты 0,65 км2) жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу кайнар булак чыгат. Ж.-С. июнда кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 7,5 м3/сек. Өрөөнү Тоң ж-а Нарын р-ндорунун малы үчүн жайыт.