ЖЫНЫС ДИМОРФИЗМИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫНЫС ДИМОРФИЗМИ , а й р ы м ж ы н ы с­т у у л у к – түрдүн эркек ж-а ургаачы особдору­нун белгилери б-ча айырмаланышы, полимор­физмдин бир түрү. Ж. д. жыныстык тандоо­нун таасиринен келип чыккан. Көп клеткалуу жаныбарларда жыныстык жетилүү мезгилин­де толук өрчүйт, көбүнчө жыныс органдарынын түзүлүшүндөгү, о. эле жыныстык жетилгендеги жыныс белгилеринин айырмасына байланыш­туу. Ж. д-нин туруктуу ж-а мезгилдик түрү бо­лот. Т у р у к т у у Ж. д. – мезгилдик шарттар­га бир аз көз каранды же көз каранды эмес. Ал көпчүлүк омурткасыздар (өзгөчө курттар, муу­нак буттуулар) ж-а омурткалууларга мүнөздүү (мис., кээ бир жаныбардын ургаачысы эркеги­нен бир топ кичине, айрымдарында, тескери­синче, ургаачысы чоңураак). Эркеги ургаачысы­на караганда ачык коргоочу түстө болот (мис., көпөлөктөр, канаттуулар ж. б.) ж-а көп учур­да ургаачысы тукумуна кам көрүп, аз кыймыл­дайт. Бугу коңуздун «мүйүзү», нарвал (дельфин­дин бир түрү) ж-а пилдин эркегинин узун жу­муру азуулары (бивень), көптөгөн бугулардын эркегинин мүйүзү экинчилик (жетилгенден ки­йинки) жыныстык белгилери Ж. д-нин айкын көрүнүшү болуп эсептелет. М е з г и л д и к Ж. д. көбөйүү мезгилинде гана байкалат. Мын­да Ж. д. – көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, мис., тритондун эркегинин жо­нундагы кыры, балыктын эркегинин ачык түсү. Кишиде жыныс органдарынын түзүлүшүндөгү айырмачылыктардан башка, эркектин скелети ж-а булчуңдары жакшы өрчүгөн, сакал, мурут­тун болушу ж. б. белгилер; аялда эмчек, о. эле жамбашынын жазы болушу ж. б. – Ж. д-нин көрүнүшү.