ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ , п у б е р т а т м е зг и л и – организмдеги биол. жетилүү, б. а. ту-
кумдашууга жарамдуулук. Адамда Ж. ж. аяктаганда, көбөйүүгө жөндөмдүү (репродукциялык) мезгил келет. Өмүрү кыска жаныбар эрте (бурамалар 30–35 күн жашап, 4–5 суткада), ал эми узак жашоочулар кечирээк жетилет. Ж. ж. эркек балага караганда кызда эрте башталат. Акыркы жылдары бүткүл дүйнөдө балдардын жыныстык эрте жетилүүсү байкалууда. Мис., мурда кыздарда Ж. ж. 13–15 жашында башталып, 19–20 жашка чейин созулса, азыр 8–11 жашынан 19 жашка чейин созулат. Ж. ж. башталганда организмде көп өзгөрүү болот. Кан тамыр басымы жогорулап же төмөндөп, жүрөк согуусу тездеп, кээде аң-сезимде өзгөрүүлөр байкалат. Ж. ж-дө аял ж-а эркектин жыныс гормондору (эстроген, андроген) пайда болуп, жыныс органдары ж-а анын белгилери өөрчүйт. Ж. ж. жыныстык экинчилик белгилердин пайда болушу м-н байланыштуу. Бул мезгилде колтугуна, жыныс мүчөсүнүн сыртына жүн чыгат, кыздарда 11–15 жашында эмчек бездери чоңоюп, этек кири келет. Ж. ж-дө дене пропорциясы убактылуу өзгөрүп, бут, кол узарып, эпсиз кыймылдайт. Эркек балада булчуңдар бат өсөт. Ички органдар, скелет м-н булчуң системасына караганда жүрөк бат чоңоёт, ошондуктан ал артериялык кан басымдын жогорулашына ж-а жүрөктүн иштешинин кыйындашына себеп болушу ыктымал. Ал кезде баш айланып, ооруйт, тез чарчайт, өспүрүмдүн психикасы өзгөрүлөт. Ал эмоциялык жактан туруксуз болуп, туталанат, эпсиз, олдоксон кыймылдайт. Ата-эне м-н мугалимдер организмдин өөрчүшүнүн өзгөчөлүгүн, Ж. ж. мезгилин балага туура, кылдаттык м-н түшүндүрүп, камкордук кылуу керек.