ЖЫРГАЛАҢ ГИПС КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРГАЛАҢ ГИПС КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Каракол ш-нан 70 км чыгыш, түн.- чыгыш тарапта, Жыргалаң айлынан 1,5 км түн­дүктө, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Эки- Чат суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2500 м бийикте жайгашкан. 1947-ж. Кыргыз ССР гео­логия башкармалыгы тарабынан геол. съёмка жүргүзүүдө табылган. 1950-ж. «Средазгеолнеруд» трести геол. чалгындоо жумуштарын жүргүзүп, запасын эсептеген. Кен аймагында таш көмүр мезгилинде пайда болгон каралжын боз түстөгү акиташ теги, сланец, кумдук, гипс ж-а мергель тоо тектери жатат. Гипстин пайдалуу катмар­лары линза сымал кабат түрүндө антиклинал­дык бүктөлүүнүн түн. капталында. Гипс нык ке­лип, каралжын, боз, агыш боз, ак түстөрдө, кар­бонаттуу чопо м-н бир аз булганган. Көлөмдүк салмагы өчүрө электе 1,24; өчүргөндөн кийин 0,984. Технол. касиеттери ж-а хим. курамы б-ча 2-сорттогу курулуш гипсине кирет. Аны порт­ланд-цемент чыгарууда ж-а жер семирткич ка­тары колдонууга болот. Жалпы запасы 1609 миң т. Кен азырынча казылбайт.