ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ – Ысык-Көл ойдуңунун түн.-чыгыш, чыгыш уландысы. Жыргалаң суусунун алабында. Ак-Суу, Түп р-ндорунун аймагында. Аянты 1150 км2, уз. 120 км, туурасы 0,5– 1,5 км. Эң бийик жери 3800–4400 м, эң жапыз жери 1608–1800 м. Тескей Ала-Тоонун түн.-чыгыш капталынан капчыгай сымал башталат. Баш жагында субмеридиан багытында жаткан тепши сымал өрөөн; төмөнкү бөлүгү кеңдик багытында, кенен, негизинен неогендин кум, чопо тектери м-н капталган. Өрөөн ичинде 6–7 тектир бар; Ак-Булактан баштап таманы саздуу. Жылдык орт. темп-расы 5–6°С, январдыкы –7°С, июлдуку 16,6°С. Жылдык жаан-чачыны 400–800 мм. Кара ж-а тоо-токой топурактуу; тоолуу бөлүгүндө тулаң, карагай, бадал, субальп өсүмдүктөрү өсөт; андан жогору субнивалдык ландшафт мүнөздүү. Өрөөндүн түзөң жерлеринде эгин, жашылча эгилип, мөмө бактары өстүрүлөт. Суулары балыкка бай. Жыргалаң суусунун тоодон чыга бериш жеринде таш көмүр казылып алынат (к. Жыргалаң көмүр кени). Көп жери жайыт.