ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ – адам ж-а айбанат­тардын айлана-чөйрөдөгү хим. дүүлүктүргүчтөрдү кабылдоо мүчөсү. Көпчүлүк омурткасыздарда жалпы эле хим. сезүү мүчөсү болот. Курт-кумурс­калардын кабылдагыч кылдарында жайгашкан жыт сезгичтери бар. Көп сүт эмүүчүнүн мурду­нун жыт сезүү бөлүгү мурун сөөгүнүн жардамчы кечиринин эсебинен чоңойгон. Адамдын Ж. с. о. мурун көңдөйүнүн жогорку-арткы каңылжа­рында орун алган. Ж. с. о. балыктарда жуп му­рун чуңкуру, моллюскаларда осфрадия түрүн­дө болот. Ж. с. о-нын милдетин, аларда жай­гашкан ийик сымал жыт сезгич рецептор клет­калары аткарат. Ал клеткалар коёндо 100, адамда 10 млнго жакын болот.