ЖЭЭК 2: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЭЭК – оң, сол ийрилип чыйратылган эки же үч бөлөк жиптен жасалган жалпак же жумуру тасмача. Жээктелүүчү буюмга жараша ар кандай жоондукта, ар башка (бир же бир нече) түстө болуп, жоон ийрилген жүн жиптерден гана эмес, ичке жибек же кебез жиптерден да жасалат. Ж. шырдак, аяк кап, табак кап, секиче, эшик тыш, үзүк, туурдук, түндүк жабуу сыяктуу кийиз буюмдардын жээгине же оймо тигиштеринин үстүнө бастырылат. Ж. жөрмөп тигилген тигишти жашыруу м-н жасалган буюмга көрк берип, анын чоюлбай ж-а кебинен бузулбай турушун камсыз кылат. Аны м-н эркек көйнөктөрдүн жака-жеңи, белдемчинин чети, салаа тигиштери, мээлей тигиштери, балдар кийимдеринин кооздолуучу жерлери жээктелет. Айрым жерде кийимдердин, буюмдардын көбөөсү Ж. же кыйык деп аталат.