ЖЭЭН АЯК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЭЭН АЯК – жээнге болгон өзгөчө мамилелер­дин бир көрүнүшү. Таякелерине тойго келген жээнге өзүнчө табак жасалып тартылат же мал берилет. Ал Ж. а. кармоо деп аталат. Ж. а. кар­маган жээн тартылган тамакты каалаган ада­мы м-н чогулуп жеген, жооп иретинде ал той ээсине (таякесине) мал, баалуу буюм, акча тар­туулаган. Тойдо бир нече жээн, б. а. бөлөлөр болсо, алар кеңешип туруп, Ж. а-ты бирөөнө ыйгарышкан.