ЖУМГАЛ РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУМГАЛ РАЙОНУ</b> Нарын облусунда. 1932-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Чүй обл., түштүгүнөн То­гуз-Торо (Жалал-Абад обл.), Ак-Талаа, Нарын, батышынан Токтогул (Жалал-Абад), чыгышы­нан Кочкор р-ндору м-н чектешет. Чүй өрөөнүнөн <i>Кыргыз Ала-Тоосу</i> бөлүп турат. Аянты 5221 <i>км</i><sup>2</sup>, батыштан чыгышка 100–120 <i>км</i>ге, түндүктөн түштүккө 70–80 <i>км</i>ге созулат. Калкы 40,8 миң (2009). Борбору – <i>Чаек</i> кыш. | <b type='title'>ЖУМГАЛ РАЙОНУ</b> Нарын облусунда. 1932-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Чүй обл., түштүгүнөн То­гуз-Торо (Жалал-Абад обл.), Ак-Талаа, Нарын, батышынан Токтогул (Жалал-Абад), чыгышы­нан Кочкор р-ндору м-н чектешет. Чүй өрөөнүнөн <i>Кыргыз Ала-Тоосу</i> бөлүп турат. Аянты 5221 <i>км</i><sup>2</sup>, батыштан чыгышка 100–120 <i>км</i>ге, түндүктөн түштүккө 70–80 <i>км</i>ге созулат. Калкы 40,8 миң (2009). Борбору – <i>Чаек</i> кыш. | ||
<br> | |||
Район толугу м-н Ички Теңир-Тоодо жайгаш­кан. Жери тоолуу, деңиз деңг. 2000 <i>м</i>ден жого­ру жатат. Түндүгүнөн <i>Жумгал кырка тоосу,</i> түш­түгүнөн <i>Молдо-Тоо,</i> чыгышынан <i>Сандык тоо­су,</i> батышынан <i>Суусамыр кырка тоосу</i> чектейт. Аймагынын эң бийик жери – 4185 <i>м</i>, Миң-Куш | Район толугу м-н Ички Теңир-Тоодо жайгаш­кан. Жери тоолуу, деңиз деңг. 2000 <i>м</i>ден жого­ру жатат. Түндүгүнөн <i>Жумгал кырка тоосу,</i> түш­түгүнөн <i>Молдо-Тоо,</i> чыгышынан <i>Сандык тоо­су,</i> батышынан <i>Суусамыр кырка тоосу</i> чектейт. Аймагынын эң бийик жери – 4185 <i>м</i>, Миң-Куш | ||
чокусу. Молдо-Тоонун Көкөмерен капчыгайы­на ж-а Миң-Куш өрөөнүнө караган түн. кап­талдары жазы, батышы тик ж-а аскалуу. Ра­йондун аймагы кең байлыктарга бай. Кара-Кече, Кабак, Миң-Куш, Көк-Мойнок, Кара-Суу күрөң көмүр, курулуш материал кендери, минерал­дуу суу булактары ж. б. бар. Климаты конти­ненттик. Кышы суук ж-а узак; январдын орт. темп-расы –15... –16°С, жайы ысык (өрөөндө 30–32°С). Жылдык жаан-чачыны тоолорунда 250–500 <i>мм</i>, өрөөнүндө 350–370 <i>мм</i>. Ири суула­ры: <i>Көкөмерен, Жумгал, Суусамыр,</i> Каракол ж. б., көлдөрү: <i>Соңкөл</i>, Ак-Көл, Сары-Көл, Баш-Куу­ганды, Сандык ж. б. Райондун аймагында ачык куба, коңур, тоо шалбаалуу талаа субальп, тоо шалбаалуу каралжын, тоо токойлуу, тоо чым­чала чым көңдүү альп топурактары таралган. | чокусу. Молдо-Тоонун Көкөмерен капчыгайы­на ж-а Миң-Куш өрөөнүнө караган түн. кап­талдары жазы, батышы тик ж-а аскалуу. Ра­йондун аймагы кең байлыктарга бай. Кара-Кече, Кабак, Миң-Куш, Көк-Мойнок, Кара-Суу күрөң көмүр, курулуш материал кендери, минерал­дуу суу булактары ж. б. бар. Климаты конти­ненттик. Кышы суук ж-а узак; январдын орт. темп-расы –15... –16°С, жайы ысык (өрөөндө 30–32°С). Жылдык жаан-чачыны тоолорунда 250–500 <i>мм</i>, өрөөнүндө 350–370 <i>мм</i>. Ири суула­ры: <i>Көкөмерен, Жумгал, Суусамыр,</i> Каракол ж. б., көлдөрү: <i>Соңкөл</i>, Ак-Көл, Сары-Көл, Баш-Куу­ганды, Сандык ж. б. Райондун аймагында ачык куба, коңур, тоо шалбаалуу талаа субальп, тоо шалбаалуу каралжын, тоо токойлуу, тоо чым­чала чым көңдүү альп топурактары таралган. | ||
18 сап: | 17 сап: | ||
«Жумгал-Ата» телекөрсөтүүсү уюштурулган. | «Жумгал-Ата» телекөрсөтүүсү уюштурулган. | ||
<br>Райондун калкын 195 орундуу борб., 95 орун­дуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана, | <br>Райондун калкын 195 орундуу борб., 95 орун­дуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана, | ||
4 айылдык-врачтык амбулатория ж-а 10 үй-бү­лөлүк врачтар тобу, 8 ФАП ж-а санитария-эпи­демиол. станция, 2 дарыкана тейлейт. Аларда 75 врач, 387 мед. орто билимдүү адис эмгекте­нет. Райондук «Демилге» гезити кыргыз тилинде | |||
чыгат. | |||
[[File:ЖУМГАЛ РАЙОНУ88.png | thumb | Жумгал району. Масштабы 1:1 000 000]] | [[File:ЖУМГАЛ РАЙОНУ88.png | thumb | Жумгал району. Масштабы 1:1 000 000]] | ||
<i>К. Аттокурова, А. Мырзаев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
14:05, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМГАЛ РАЙОНУ Нарын облусунда. 1932-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Чүй обл., түштүгүнөн Тогуз-Торо (Жалал-Абад обл.), Ак-Талаа, Нарын, батышынан Токтогул (Жалал-Абад), чыгышынан Кочкор р-ндору м-н чектешет. Чүй өрөөнүнөн Кыргыз Ала-Тоосу бөлүп турат. Аянты 5221 км2, батыштан чыгышка 100–120 кмге, түндүктөн түштүккө 70–80 кмге созулат. Калкы 40,8 миң (2009). Борбору – Чаек кыш.
Район толугу м-н Ички Теңир-Тоодо жайгашкан. Жери тоолуу, деңиз деңг. 2000 мден жогору жатат. Түндүгүнөн Жумгал кырка тоосу, түштүгүнөн Молдо-Тоо, чыгышынан Сандык тоосу, батышынан Суусамыр кырка тоосу чектейт. Аймагынын эң бийик жери – 4185 м, Миң-Куш
чокусу. Молдо-Тоонун Көкөмерен капчыгайына ж-а Миң-Куш өрөөнүнө караган түн. капталдары жазы, батышы тик ж-а аскалуу. Райондун аймагы кең байлыктарга бай. Кара-Кече, Кабак, Миң-Куш, Көк-Мойнок, Кара-Суу күрөң көмүр, курулуш материал кендери, минералдуу суу булактары ж. б. бар. Климаты континенттик. Кышы суук ж-а узак; январдын орт. темп-расы –15... –16°С, жайы ысык (өрөөндө 30–32°С). Жылдык жаан-чачыны тоолорунда 250–500 мм, өрөөнүндө 350–370 мм. Ири суулары: Көкөмерен, Жумгал, Суусамыр, Каракол ж. б., көлдөрү: Соңкөл, Ак-Көл, Сары-Көл, Баш-Кууганды, Сандык ж. б. Райондун аймагында ачык куба, коңур, тоо шалбаалуу талаа субальп, тоо шалбаалуу каралжын, тоо токойлуу, тоо чымчала чым көңдүү альп топурактары таралган.
Ачык куба күрөң топурак өрөөндүн таманын ээлеп, негизги жер фондусун түзөт. Өсүмдүктөрү тоолуу рельефине ж-а климаттык шарттарынын бийиктикке жараша өзгөрүшүнө байланыштуу ар түрдүү. Өрөөндүн таманында ж-а тоо этектеринде чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү таралган. Жалпысынан эфемерлер, эфемероиддер басымдуу. Алар бетеге, ак кылкан, эрмен, кой тикен, төө таман, чий, кокуй тикен, чекенди ж. б. Өрөөндүн 2000 м бийиктикте жаткан түзөң жерлери м-н тоо этектерин чөл ж-а жарым чөл зоналары ээлейт; мындагы боз топуракта чий, шыбак, эрмен, суу жээктеринде шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Өрөөндөрдү курчаган тоолордун капталдарына субальп, альп (3300 м) шалбаалары мүнөздүү; алар негизинен жайытка пайдаланылат. Кабак тоосунун тескей беттеринде карагай, бадалдуу токой, Суусамыр, Батыш Караколдун төмөнкү агымдарын бойлой тал, терек, чычырканак ж. б. өсөт. Жеринин басымдуу бөлүгү таштуу, жылаңач дөңсөөлүү аймакты түзөт. Дыйканчылыкка ыңгайлуу жери деңиз деңг. 1400–2300 м бийиктикте жайгашкан. Калкынын негизин кыргыздар түзөт; о. эле орус, татар, украин, өзбек, уйгур, тажик, дуңган ж. б. улуттар да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 8 киши. Райондо 10 айыл өкмөтү, 26 кыштак, Миң-Куш шаарчасы бар. Райондо төрөлүү коэффициенти 23,9‰ни, өлүм-житим
8,8‰ни түзөт.
Райондун чарбасы негизинен а. ч. багытында. Дан эгиндери, тоют, картөшкө, жашылча, бир аз жер жемиш (бакча) өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Колхоз-совхоздор 1990–95-ж. толук бойдон реформа болгон. Райондо бардыгы 6564 чарбалык субъект (а. и. үй-бүлөлүк фермер чарбалары), 134
ирилешкен дыйкан чарбасы, ортолук менчикте иштөөчү 11 үрөн чарбасы (техсервис жайы), жеке менчик негизиндеги 24 чакан мал чарба ишканалары иштеген. Булардан сырткары Миң- Куш шаарчасында, Чаек, Чоң-Арал кыш-нда 3087 өздүк чарба бар. Райондо 110,1 миң кой, эчки, 21,5 миң уй, 617 топоз, 18,6 миң жылкы, 31,1 миң үй кушу бар. 2006-ж. райондун чарбалары 9,1 миң т эт (тирүүлөй салмагы), 21,1 миң т сүт, 363 т жүн, 1,5 млн даана жумуртка өндүргөн. Ушул эле жылы а. ч-га жарактуу жери 383,6 миң га, чабынды 2653 га, жайыт 361,0 миң га болгон. Дан эгиндери (9580 га), картөшкө (112 га), жашылча (27 га) айдалган. Дыйканчылыктан 2006-ж. 7,7 миң т дан, 10,6 миң т
картөшкө, 2,4 миң т жашылча, 113 т мөмө-жемиш жыйналган.
Ө. ж. ишканаларынан Миң-Куш шаарчасында «Оргтехника» АК, нан з-ду, Миң-Куш көмүр кенин казган «Ак-Улак» МАК, Кара-Кече көмүр кенин казган «Ак-Жол» АК, «Шарбон» ЖАК,
«Демилге+ЛДТ» ЖЧК, «Беш-Сары» ПКФ, Чаек эт комбинаты («Жумгал» АК), а. ч. техникаларын ремонттоочу чакан ишкана, тегирмендер, колбаса ж-а консерва чыгаруучу, жашылча-жемиш кургатуучу, макарон (кесме) жасоочу ж-а
өсүмдүк майын сыгуучу цехтер, о. эле минералдык суу куючу «Чабыт» биргелешкен ишканасы ж. б. иштейт. Алар 2006-ж. 37,1 млн сомдук (облустун 5,5%) ө. ж. продукциясын чыгарышкан.
Райондун аймагы аркылуу Кочкор – Чаек – Миң-Куш, Тунук – Суусамыр – Арал автомобиль жолдору өтөт. Чаек – Бишкек, Чаек – Нарын каттамдары иштейт. Райондун автомобиль транспорту м-н 2006-ж. 106,1 миң т жүк ташылса, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 20,4 млн жүргүнчү-километрди түзгөн. Калкка көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 42,1 млн сомго жеткен.
Райондо жалпы билим берүүчү 27 мектеп (а. и.
23 орто, бир негизги, 3 башталгыч) бар. Бир катар мектептерде англис тилин окутуу б-ча топтор, компьютер кабинеттери, математика ж. б. сабактар б-ча лицей, гимназиялык класстар түзүлгөн. Балдардын спорт мектеби ж-а «Жалын» эс алуу лагери иштейт. Райондо кесиптик-тех. окуу жайы, кесиптик лицей, муз. мектеп, 6 бала бакча, 11 клуб, 22 китепкана, мад-т
үйү ж-а кинотеатр бар. Жумгал элдик театры, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында «Таттыбүбү» ыр-бий ансамбли, «Жумгал инсандары» көркөм-этногр., тарых музейи, райондун ичинде болуп жаткан күндөлүк жаңылыктарды, экон. ж-а социалдык маданий турмушту реформа кылуу абалын элге жеткирүү максатында
«Жумгал-Ата» телекөрсөтүүсү уюштурулган.
Райондун калкын 195 орундуу борб., 95 орундуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана,
4 айылдык-врачтык амбулатория ж-а 10 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 8 ФАП ж-а санитария-эпидемиол. станция, 2 дарыкана тейлейт. Аларда 75 врач, 387 мед. орто билимдүү адис эмгектенет. Райондук «Демилге» гезити кыргыз тилинде
чыгат.

К. Аттокурова, А. Мырзаев.