ЗАГРОС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЗАГРО́С – Ирандагы тоо тутуму, Иран тайпак тоосунун түш.-батышында. Уз. 1600 кмдей, туу­расы 200–300 км, бийикт. 4548 мге чейин (Зерд­кух чокусу). Негизинен акиташ ж-а сланец тоо­тектеринен түзүлгөн. Түн.-батыштан түш.-чы­гышка карай жарыш созулган бир нече тоо тиз­мегинен турат. Алар кууш өрөөндөр м-н бөлүн­гөн. Карст кубулушу өөрчүгөн. Тоолуу чөл өсүм­дүктөрү, түн.-батышын бадал ж-а сейрек токой ээлейт, өрөөндөрүндө шор жерлер, көл бар. Нефть кендери ачылган.