ЗАРДАЛЕК НЕФЕЛЕНДҮҮ СИЕНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЗАРДАЛЕК НЕФЕЛЕНДҮҮ СИЕНИ́Т КЕНИ Бат­кен р-нунда, Айдаркен шаарчасынын түш.-ба­тыш тарабында, Зардалек сайынын баш жагын­да, Алай кырка тоосунун түн. капталында, де­ңиз деңг. 1800–3200 м бийиктикте жайгашкан. 1961–62-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур, девон, таш көмүр мезгил­деринде пайда болгон сланец, акиташ, доломит катмарлары ж-а аларды жиреп чыккан пермь­триас мезгилиндеги сиенит, нефелиндүү сиенит, габбро м-н монцониттен турган интрузия түзөт. Кенташ тулкулары содалиттүү, нефелин-сода­литтүү, нефелиндүү ж-а канкриниттүү сиенит­терден турат. Нефелиндүү сиениттеги алюминий кычкылынын өлчөмү 20,32–24,60%. Алюминий кычкылынын болжолдуу запасы 202 млн т.