ЗАРЫЛДЫК ЖАНА КОКУСТУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЗАРЫЛДЫК ЖАНА КОКУСТУК – материал­дык дүйнөнүн объективдүү байланыштарын көрсөтүүчү филос. категориялар; зарылдык ку­булуштардын ички негизи – структурасы ж-а закон ченемдүүлүктөрү м-н аныкталуучу байла­ныш тиби; кокустук ушул кубулуш үчүн тыш­кы болуп эсептелген себептер м-н аныкталуучу түшүнүк. Зарылдык кубулуштун өнүгүшүнүн негизги, закон ченемдүү тенденциясын көрсөтөт;


кокустук анын өнүгүшүнүн тышкы, туруктуу эмес формаларын мүнөздөйт. З. ж. к-тун өз ара байланышы диалектикалык мүнөздө болот: бир учурда кокустук катары көрүнгөн кубулуш, баш­ка бир жагдайда зарылдык катары чыгат; за­рылдык кокус көрүнүштөрдүн массасы аркылуу көрүнөт, кокустук зарылдыктын ишке ашуусу­нун формасы катары чыгат; кокус байланыш­тар тарыхый шарттардын өзгөрүшү м-н зарыл байланыштарга айланышы же мунун тескери­синче болушу мүмкүн.