ЗАЧЁТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗАЧЁТ – окуучу, студенттердин билим деңгээлин жыйынтыктоо ж-а аны текшерүүнүн, баалоонун бир формасы. З. жеке ж-а топтук аңгемелешүү же жазуу түрүндө семинар, практикалык окуу, лабораториялык иш, о. эле тест формасында өткөрүлөт. Реферат, дилбаян, доклад формасында да болот. Сессия башталардан мурун модул тапшырылып, андан алган баллына жараша З. коюлат. Студент эреже катары окуу планында көрсөтүлгөн З-тун бардыгын бергенден кийин гана экзамендик сессияга жиберилет.