ЗИКИР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗИКИР , з и к и р ч а л у у – (ар. зикр – эскерүү, эс-тутум) – исламдын суфизм агымындагы айрым багыттарга мүнөздүү болгон «Аллага сыйынуу» жөрөлгөсү. З. жарыя да (үн чыгарып), купуя да (үн чыгарбай) чалынат. З-де бир топ сопулар чогуу отуруп, Алланын ысымдарын ж-а ислам ураандарын обонго салып, кайра-кайра кайталашат. З. чалуучулар бара-бара элирип барып, өзүн-өзү унутуп, экстаз абалына жетиши мүмкүн.