ИГУАСУ УЛУТТУК ПАРКТАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИГУАСУ́ УЛУТТУК ПАРКТАРЫ Аргентина
(аянты 550 км2, 1909-ж. уюшулган) м-н Бразилиянын (аянты 1,7 миң км2, 1939-ж. уюшулган) чек арасында. Негизги объектиси – Игуасу шаркыратмасы. Парктын аймагы дайыма нымдуу субтропик зонасында жайгашкан. Сейрек ж-а жок болуп бараткан айбанат ж-а өсүмдүк түрлөрү басымдуу. Дарак сымал папоротниктер, лиана ж-а эпифиттер жыш өскөн субтропиктик токой мүнөздүү. Улуттук паркты ягуар, оцелот,
чоң кундуз, чоң кумурскачы ж. б. мекендейт.
Орнитофаунасында куштардын 400дөн ашуун түрү бар. И. у. п. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.