ИЙДИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЙДИ – 1) жыгач уста аспабы. Анын учу ичке, түбү жоон болуп, эки жагын тең миздей ийип, кадимки бычак сымалдатып, курч болоттон жасалат. Аны жумуру мүйүзгө же жыгачка саптап, иштегенге эптүү болсун үчүн учун 70–80° ка бир жагына ийип коёт. Ушундан улам бул аспап И. деп аталат. Ал ээр, табак, аяк, соку, челек, сузгу, кашык, жанаяк, чөйчөк сыяктуу жыгач буюмдарынын ичин оюу, кыруу, жылмалоо үчүн колдонулат; 2) ат такалаганда туякты тазалап, анын өсүп кеткен жерлерин тегиздөө, жука четтерин кесүү үчүн колдонулуучу чарбалык курал. Ал жыгач ийдилөөчү И-ге окшобой, түзүлүшү жагынан айырмаланат. Сабы узунураак (20–25 см) болуп, бычагы чалгы сымал туурасынан ашталып, мизи бир гана жагында болот.