ИЙИЛҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИЙИЛҮҮ м а т е р и а л д а р к а р ш ы л ы­г ы н д а – сырткы күчтүн же темп-ранын таа­сири м-н огунун же деформациялануучу объект­тердин (устун, такта, кабык ж. б.) бетинин орто жеринин ийилүүсүн мүнөздөөчү деформациянын түрү. И. деформациялануучу түз бетке карата жөнөкөй ж-а жалпак – сырткы күч беттин не­гизги тегиздиктеринин биринде жатат; та­таал – ар кандай тегиздикте жаткан күчтөрдүн таасири астында пайда болот; кыйшык – та­таал И-нүн бир түрү. Күчтөрдүн И-чү элемент­тин туура кесилиш тарабына таасир этишинен таза (жалаң ийүүчү моменттер болгондо) ж-а туу­ралык И. (о. эле, тууралык күчтөр таасир эт­кенде) пайда болот. Инж. тажрыйбада узата (узунунан таасир этүүчү күчтөрдүн аркасында өзөктүн – стержендин көөп кетиши) ж-а узун­туура (бир эле убакта өзөктүн огу б-ча ж-а ага перпендикулярдуу) таасир эткен И. колдонулат.