ИЛБЭЭСИН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЛБЭЭСИН – эт, мамык алынуучу жапайы куштардын жалпы аты, аңчылык объектиси. Жашаган жерине жараша токой (кара кур, ак чил ж. б.), талаа (боз чил, бөдөнө, кыргоол, тоодак, безбелдек ж. б.), саз (эчки маарак ж. б.), суучул (өрдөк, каз ж. б.), тоо (улар, кекилик ж. б.) И-дери болуп бөлүнөт. КМШ өлкөлөрүндө И-дин 170 түрү (13 түркүмгө биригет) бар. Кырг-ндагы эң маанилүү И-дер: каз, өрдөк, улар, кекилик, чил, кереңкур, бөдөнө, кыргоол ж. б. Өлкөдө токой ж-а дың жерди өздөштүрүү, саздак жерди кургатуу, а. ч-н химиялаштыруу ж. б-га байланыштуу И-дердин саны аза-
йып кеткендиктен, аларды көбөйтүү максатында коруктар уюшулган. Айрым И-дерди (кекилик, чил, кереңкур ж. б.) өстүрүүчү атайын ферма, питомниктер бар, к. Аңчылык, Аңчылык чарбасы.
Ад.: Птицы Советского Союза. Т. И-6. М., 1951– 54; Птицы СССР. М., 1982; Шукуров Э. Д. Птицы Киргизии. Часть I, II. Ф., 1981.