ИЛИМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЛИМ – адамзат ишмердигинин чындык ж-дөгү объективдүү билимдерди иштеп чыгуу ж-а теор. жактан системалаштыруу милдетин аткарган чөйрө; коомдук аң-сезимдин бир формасы; дүйнө ж-дөгү билимдердин өзгөчө тутуму; социалдык ин-ттардын бири. И. миф, дин ж-а аң-сезимден айырмаланып, дүйнөнүн өзүнчө элесин (сүрөтүн, сыпатын) түзөт. И-дин башкы максаты – болмуштагы кубулуш, процесстердин табиятын ачып-аныкташ, сыпатташ, түшүндүрүш, алдынала көргөзүш. И. практикага таянып, аны м-н тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок, адам иш-аракеттеринин бөтөнчө түрү, чөйрөсү болгон практика билимди өз мүдөсүнө ылайык курал катары пайдаланса, И-де билим – иштин максаты, натыйжасы. И-дин көздөгөнү – жаңы билимге жетиш. Иск-во элеске (образга), дин ишенимге таянса, И. термин, түшүнүк, категория, теория, эксперимент, мыйзамга негизделет. Ил. билимдин алгачкы белгилери байыркы Чыгышта (Шумер, Египет, Кытай, Индия) пайда болгону м-н өз алдынча ишмердик, коомдук турмуштун бир чөйрөсү катары И. байыркы Грекияда б. з. ч. 6-к-да түптөлгөн. Билим практиканын же ритуалдын ажырагыс бөлүгү эмес, өзүнчө маанимазмуну бар нерсе катары өнүгө баштаган. Адегенде далилдүү, ойлонулган билимдердин баары биригип, чогуу болуп, «философия» аталып, бара-бара жиктелип, ажырап, өз-өзүнчө нукка түшкөн. Жаңы коомдук мезгилде Европада И. өзгөчө бааланып, 17-к-да көптөгөн ил. төңкөрүштөр жүзөгө ашкан. Бара-бара И. коомдун өнүгүшүнүн эбегейсиз кубаттуу негизине айланды. Тарых жолунда ил. билимдер топтолуп отуруп, жаңырат, иргелет, кайра куралат. И-дин
орчундуу өзгөрүшү, анын түпкү жол-жоболору, мыйзамдары, алдыңкы сапаттагы теория, ойлоо стили, өзөктүү категорияларынын жаңыланышы, алмашышы, байышы м-н байланышкан. И. тарыхында билимдердин жиктелиши, бутактап ажырашы ж-а кошулушу, биригиши эриш-аркак жүрүп келген. И. табигый, тех. ж-а коомдук мүнөзгө ээ. Айрым ил. изилдөөлөр дисциплина аралык, комплекстүү негизде жүргүзүлөт. И. фундаменталдык ж-а колдонмо болуп бөлүнөт: биринчилери дүйнөлүк мыйзам ченемдерин ачууну көздөсө, экинчилери жаңы билимдерди практикада колдонууну жүзөгө ашырат. Ил. билимдер теор. ж-а эмпириялык деңгээлге ажыратылат. И-дин өзүнө мүнөздүү филос. ж-а методол. маселелери болот. Ал эми И-ди ар тараптан изилдеген тармак И. таануу деп аталат. И-дин адам, коом турмушундагы орду чоң, кызматы көп кырдуу, бай. И-дин барк-баасын аныктоодо сциентизм ж-а антисциентизм багыттары калыптанган. Негизинен цивилизациянын
өнүгүшүн И-сиз элестетүү мүмкүн эмес.
Ж. Бөкөшов.