ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ Памирде меридиан багытында созулуп жатат. Уз. 110 кмдей. Эң бийик жери 7495 м (Коммунизм чокусу). Палеозойдун чөкмө ж-а метаморфизмделген тоо тектеринен, чанда граниттен турат. Кыр жагына альп рельефи мүнөздүү. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 660 км2ге жетет. Ири мөңгүлөрү Федченко, Гармо ж. б. Ландшафты гляциалдык-нивалдык ж-а субнивалдык. Кырка тоону Н. Л. Корженевский алгачкы жолу изилдеген. 1927-ж. СССР ИАнын наамынан аталган.