ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС (ИТП): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС (ИТП ) – илим м-н техниканын өз ара тыгыз байланыш­та, бирдиктүү ж-а жаңы багытта ырааттуу өнү­гүшү; коомдук, социалдык жаңылануунун не­гизи. ИТПнин тамыры 16–18-к-да мануфактура өндүрүшү, соода муктаждыгы, деңизде сүзүү практикалык маселелерди теор. ж-а экспери­менттик чечүүнү талап кылган мезгилде башта­лып, 18-к-дын аягында машина өндүрүшүнүн өнүгүшү м-н байланышып, ил.-тех. рев-я м-н аныкталган. Ил. ачылыштар артынан бүтүндөй жаңы өндүрүш тармактары келип чыгат: радио­электроника, атомдук энергетика, синтетика­лык материалдар химиясы, ЭЭМ өндүрүшү ж. б. Өз кезинде техника илимдин прогрессине түрткү, дем берет, аны так ж-а татаал эксперименттик жабдыктар м-н камсыз кылып, жаңы талап­тарды коюу м-н алга сүрөйт. ИТР өндүрүштү гана эмес, коомдун жашоо ишмердигинин көп жак­тарын (а. ч., транспорт, байланыш, медицина, билим берүү, турмуш-тиричилик сферасы ж. б.) да камтыйт. Илим ж-а техника бирдигинин айкын көрүнүшү – адамзаттын космоско чыгуу­су. ИТП коомдук өнүгүүнүн андан ары транс­формацияланышын, б. а. маалымат м-н билим-

ге негизделген коомдук жаңы тартипти шарт­тоодо, к. Маалымат коому.