ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ– философия, социология, футурология илимдериндеги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу проблемаларды ил.-тех. прогресстин жардамы м-н чечип, карама-каршы экол. кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү. И.-т. о. 20-к-дын 2-жарымында түптөлүп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган модерндешкен технол. теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү – Д. Белл, Г. Кан, А. Тофлер (АКШ), Б. де Жувенель, Ж. Фурастье (Франция), О. Флехтхейм (Германия), К. Фримен, Д. Габор (Англия), И. Кайя (Япония) ж. б. И.-т. о. адамзаттын тарыхый тагдырын аныктоодо, коомдун өнүгүшүндөгү социалдык-экон. факторлорду эмес, ил.-тех. прогресстин маанисин баалайт.