ИЛОТТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЛОТТОР (гр. heilo′ tai) – Байыркы Грекиядагы Спарта багындырып алган Лаконики м-н Мессениянын калкы. Спартада мамлекетке көз каранды болушуп, дыйканчылык м-н кесип кылышкан калк. И. кулдардан айырмаланып, өздөрүнүн жери, аны иштеткен шаймандары болгон. Жер ээлери И-ду сатууга, өлтүрүүгө акысыз болгон. И. Спарта коомунун бардык укуктарынан пайдаланган эмес ж-а мамлекет тарабынан белгиленген салык эрежеси б-ча түшкөн түшүмдүн жарымын кожоюндарына берген. Спарталыктардын катуу эзүүсүнө байланыштуу И. көтөрүлүшкө чыгып, ал тарыхта 2-Мессен согушу (б. з. ч. 7-к.) деп аталып калган. И-дун көтөрүлүшүн болтурбоо үчүн спарталыктар аларды мезгил-мезгили м-н жазалап турушкан.