ИМАМАТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИМАМАТ (ар. – башкаруу) – 1) мусулман теократиялык мамлекетинин жалпы аталышы; диний ж-а жарандык башкарууну бирдикте алып баруучу ислам мамлекетинин ин-ту, б. а. халифат деп айтса да болот. Халиф – имам шарият мыйзамдарынын негизинде укук тартибин ж-а мамлекеттин бардык жарандарынын коопсуздугун кароого милдеттүү. Сунниттерден айырмаланып шииттер мамлекеттин башына Мухаммед пайгамбардын гана тукумдары (Али ибн Абу Талиб) турууга тийиш деп эсептешет, бирок алар да бул маселе б-ча бир пикирге келе алышкан эмес, ошондуктан канча кылымдардан бери ар кандай секталарга бөлүнүп келүүдө. И. ж-дө ар
биринин өзүнүн концепциясы болгон (к. Шиизм);
2) 19-к-дын 20-жылдарынын аягында Түн. Кавказ элдеринин орус падышачылыгынын оторчул саясатына каршы жүргүзгөн күрөштөрүнүн учурунда Дагстан м-н Чеченстанда пайда болгон мюриддердин мамлекети. Имамдары: Гази- Магомет (1828–32), Газмат-бек (1832–34), Шамиль (1834–59).
Т. Өмүрова.